Жогорку Кеңештин депутаты менен жолугушуу.
Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманбек Токторалиевич биздин окуучулар менен жолугушуу өткөрдү. Курманбек Токторалиевич Ч. Айтматовдун жылы болгондуктан, Ч. Айтматовдун ар бир чыгармаларына токтолуп, мааниси терең экендигин белгиледи. Биздин 8-11 класстын окуучулар Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан үзүндү аткарып беришти жана окуучулар көптөгөн суроолорун берип, ушу даражага кантип жеткенине кызыгып жатышты. Курманбек Токторалиевич окуучуларга Ч. Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдук китебин белекке берди.
Комментарии