Мектеп №58 Орто жалпы билим беруучу мектеп №58

Пайдалуу маалыматтар

ПАЙДАЛУУ МААЛЫМАТТАР

ЖӨӨ ЖҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН  МИЛДЕТТЕРИ 

1.Жөө жүрүүчүлөрдүн тротуар менен же жөө жүрүүчү жол менен, алар жок болсо жолдун  чети  менен  жүрүшү керек

2. Жөө жүрүүчүлөр жолдон өтүүдө жөө жүрүүчүлөрдүн өтмөсунөн өтуушу керек , ошондой эле  жер  астындагы  же жер устундөгу , ал  эми  алар жокболсо , тротуар жана жолдун  четинин  сызыгы менен  жолдун  кесилишинен өтүүшү  керек.

3. Кыймылдардын тартипке салуучу жерлерде жол жүрүүчүлөрдү тартипке салуучу адамдын белгиси менен  же жөө  жүрүүчүнүн  светофорун, ал эми  светофор жок болсо унаа светофорун  колдонмо  кылуу керек.

4. Топ балдарды тротуар жана жөө киши жүрүүчүлөр жол  менен , ал  эми алар жок  болсо , жолдун  чети  менен , бирок  жарым  убакта жана чондордун узаатусу менен гана жүрүүгө уруксат  берилет.

5. Жөө жүрүүчүлөр машиналар жүрүүчү  жолго  чыкканда буйдалбашы жана токтобошу  керек, эгерде бул кыймылдын коопсуздугун сактоо менен байланыштуу болбосо. Жолдон өтүүгө  жетишпей калган жөө жүрүүчулөр, карама -каршы багыттагы транспорт агымын болгон сызыкка токтошу керек. Жөө жүрүүчү кыймылдын коопсуздугуна көзү жеткенден кийин гана жана светафорго жараша өтуу керек .

 

Өрт коопсуздугу боюнча инструкция

1.Иш-чара өткөрүү учурунда өрт коопсуздугун сактоого  класс жетекчи жооп берет.

2.Ар кандай иш-чара класс жетекчинин, дежур мугалимдин, завучтун катышуусунда өрт коопсуздугун сактоо менен өткөрүлүшү.

3.Иш-чара өткөргөн имараттын кирүү, чыгуу өтумдөрү ачык болуу керек.

4.Массалык иш-чара өткөрүү учурунда эшиктерди кулпу менен жабууга тыюу салынат.

5.Эшиктин алдында ата-эне же дежур мугалим турушу керек.

6.Иш-чара өткөрүү учурунда химиялык же башка заттарды пайдаланып жарык эффектерин чыгарууга тыюу салынат.

7.Өрткө кооптуу суюктарды,кийимдерди, париктерди тазалоо үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

8.Жаны жылдык елка өкөрүү учурунда елка, занавеска, штора, жылыткыч куралдардан алыс бекем бекитиши керек. Бенгаль отторун, шамдарды, хлопушкаларды пайдаланууга тыюу салынат ж.б.

9.Эгер өрт болсо тез 101 телефонуна кабарлап, окуучуларды эвакуациялоо керек.

ӨРТ  УЧУРУНДА  «101»   ЧАЛГЫЛА!

 

ТЕХНИКАЛЫК  КООПСУЗДУК  ЭРЕЖЕЛЕРИ

  1. Кабинетте тартипти, тазалыкты  сактагыла .
  2. Кабинетте электр өчургучтөру  бар  экенин эсинерден  чыгарбагыла
  3. Розетканы суу  колун  менен менен  кармаба
  4. Розеткага ( электр тогуна) металл  зымдарды  сайба !Ачык турган терезеден   башынды  чыгарып  , терезеде  ойнобо !
  5. Кайчы менен  иштеген  учурда, кайчынын  учунан  кармап  туруп  бер!
  6. Ийне менен  иштегенде  ,  ийнени  оозуна  салба , кийимине  сайба.
  7. Ручка, сызгыч, карандашты ыргытпастан колмо-кол алышкыла.
  8. Коомдук мулкту сындарба  , аны  көздун  карегиндей  сакта.
  9. Кетип жатканда  электр  жарыгын  өчур.