Усулдук кызмат
Методикалык иш – мектеп жетекчилиги тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин жыйындысы, билим берүү ишинин негизги түрү, мугалимдердин класстык жана сабактан тышкары иш-чараларда, жаңы технологиялар боюнча издөө, билим жана тарбия ишин жакшыртуу, аларды үйрөнүү.
Методикалык кызмат миссиясы:
- Мектепти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана илимий – медотикалык жактан колдоо;
- Иш-чара түзүү жана ишке ашыруу боюнча бирдиктүү усулдук окуу саясаты;
- Окуучунун абалын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү;
- Методикалык иштин системасын түзүү жана мектеп мугалимдеринин кесиптик өнүгүшүнө өбөлгө түзүү;
- Мектеп мугалимдеринин ыкма мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүү;
№58 жалпы билим берүү орто мектебинин методикалык бирикмеси 1. Башталгыч класстардын мугалимдеринин УБ- Айдаралиева Ч.К 2. Кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин УБ- Абылгазиева Ж.Д 3. Орус тили жана адабияты мугалимдеринин УБ – Ахматова А.А 4. Чет тилдер мугалимдеринин УБ – Омурзакова Э.С 5. Информатика, математика мугалимдеринин УБ- Абдыкалиева Б.А 6.Табигый- илимдер мугалимдеринин УБ- Курманова Г.А 7.Социалдык илимдер мугалимдеринин УБ- Чокморова Б.С 8.Искусство,технология жана дене тарбия мугалимдеринин УБ- Нурдавлет к А.
Методикалык иштин максаты – мугалимдердин педагогикалык көндүмдөрүн жогорулатуу билим берүү технологияларын ишке ашыруу жатында алардын кесиптик билим берүү жараянынын натыйжалуулугун камсыз кылуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
Маселелер:
- Маалыматтык технологиялардын негизинде билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
- Окутуунун жаӊы ыкмаларын жана жолдорун издөөгө окутуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
- Билим берүүдөтажрыбасы мол,чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо, маалыматтарды жайылтуу.
- Мугалимдердин новатордук ишке катышып, мониторинг изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, кесиптик чеберчилик конкурстарга катышууга түрткү берүү.
Методикалык бирикменин ишинин негизги багыттары:
- Билим берүүнүн жаӊы стандарттары менен иштөө боюнча даярдоо.
- Окуучулардын билим алуусундагы кемчиликтерди жоюудагы методикалык иштер.
- Аралык жана жыйынтык контролдоону уюштуруу.
- Өз алдынча билим берүүмаселелери боюнча мугалимдердин ишин жана өзүнүн ишин талдоо, уюштуруу.
- Мугалимдерге сабактын түрлөрүн жана ыкмаларын өркүндөтүүгө усулдук көмөк көрсөтүү боюнча иштер.
- Предметтик жумалыктарды уюштуруу жана өткөрүү.
- Аттестацияланган мугалимдердин иш тажрыйбаларын жыйынтыгы МБнин жыйынындагы чыгармачылык тажрыйбалардын жалпылаштыруу отчету.
- Мектепти жакшыртуу ишинин көндүмдөрүн пландоо, мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктарын эске алуу менен мектептин ишин анализдөө.
- Насаатчылык. Жаш мугалимдерге жардам. Бекитемин
№58ЖББОМнин директору Кенжебаева С.К_________
2018-2019 окуу жылындагы усулдук бирикмесинин жылдык планы.
№ | Өтүлүүчү иш-чаралар. | Мөөнөтү. | Жооптуулар |
1 | Усулдук кеңешме. Каландардык-тематикалык пландаштыруунун үстүнөн иштөө. | Августь сентябрь | УБнин жетекчиси мугалимдер |
2 | Өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө. | Жыл бою | Мугалимдер |
3 | Тажрыба алуу максатында өзара сабактарга катышуу | Жыл бою | Мугалимдер көзөмөл мам. Тил боюнча диектордун орун басары Оболова К.К |
4 | Декадаларды уюштуруу. Ачык сабактарга катышуу. | сентябрь | Абылгазиева Ж.Д |
5 | Олимпиадаларга катышуу | 1 чейректин ичинде | Мугалимдер |
6 | Ар бир сабактар боюнча жөндөмдүү окуучуларды олимпиадага даярдоо | Октябрь | Мугалимдер |
7 | Ар бир сабактар боюнча кабинеттерине көрсөтмө куралдар менен толуктоо. | Жыл бою | Мугалимдер |
8 | Усулдук кеңешме | Январь | УБ нин жетекчиси |
9 | Начар окууган окуучулар менен иштөө | Жыл бою | Мугалимдер |
10 | Усулдук кеңешме | Марть | УБ нин жетекчиси |
11 | Көчүрүү, бүтүрүү экзамендеринин материалдырын даярдоо. | Апрель | УБ нин жетекчиси |
12 | Экзамен алуу, окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу. | Май-июнь | УБ нин жетекчиси |
Усулдук бирикменин жетекчиси Абылгазиева Ж.Д