23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү
№58 Казат Акматов атындагы ЖББОМдо Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата «Тил бермети — дил» аттуу иш — чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын ачылыш сөзүн директордун орун басары Оболова Калыйча Караматовна сүйлөдө. Окуучулар майрамдык иш-чарага активдүү жана жигердүү катышышты. Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолуп, кыргыз тилинде ыр ырдалды жана комуз чертилип, манас айтылды.
Комментарии