Мектеп №58 Орто жалпы билим беруучу мектеп №58

мектеп

Бишкек шаарынын Ленин районундагы №58 жалпы орто билим берүү мектеби жөнүндө маалымат.

Мектеп 1938-жылы Чоң- Арык айылындагы Горный азыркы Мусулманкулов көчөсүндө жайгашкан.

1962-жылы Киргизия айылынын Восточный көчөсүндө 2 кабаттуу мектептин 1-корпусу, андан соң 1972-жылы мектептин 2-корпусу курулган. Курулуштун ички аянты 6956,5кв.м. Территориясынын аянты 944,25кв.м. Мектептин курулушу 1200 окуучуга  ылайыкталган.

Бүгүнкү күндө 1181 окуучу окуйт, анын  579 кыздар жана 602 эркек балдар. Алардын ичинен эң жакшы окугандардын саны 104 кө, орто окугандардын саны 259га, калгандары канаттандырарлык баага окушат. Биздин мектепке чакан аймактан тышкары Байтик, Воронцовка, Орок, Заречный, Ала-Арча, Арча-Бешик, Ак-Ордо конушунан окуучулар келип окушат. Мектепте “Валейбол”, “Шахмат”, “Шашки”, “Футбол”, ” Орус тили”, “Математика”, “Көркөм окуу”, Улуттук оюндар” ийримдери бар. Бүгүнкү күндө 64  мугалим,  алардын ичинен 25 пенсионер, 15 жаш жана  25 мугалим 30 жылга чейинки эмгек стажы менен эмгектенишет. Билим берүүнү мыктысы 11- мугалим.