Мектеп №58 Орто жалпы билим беруучу мектеп №58

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Окуучуларды мектепке кабыл алуу

 Окуучуларды мектепке жыл бою кабыл алынат.

Окуучуларды мектепке кабыл алууда талап кылынган документтер:

Аталышы
1Арыз
2Өздүк дело (кичинекей китепче)
3Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк
4Ата-энесинин паспорт көчүрмөсү
5Жашаган жеринен справка
6Сүрөт 3*4=4 даана
7Мед. Справка Ф-26,Ф-23
8Окуучунун ОМСнин көчүрмөсү

 

10-класстарга кабыл алууда: ата-эненин арызы, 9-кл.бүткөндүгү тууралуу күбөлүк талап кылынат.

Эгерде окуучу чейрек ичинде келсе, жетишүү табели керек.

Окуучуларды кабыл алууда мектеп администрациясы ата-энелерге  мектептин документтери менен тааныштыруу керек:

А) Мектептин уставы;

Б) Жалпы орто билим берүү мектебинин лицензиясы;

В) Учурдагы эрежелери.

Мектепке кабыл алууга арыз берилгенден кийин директордун буйругу менен 2 күндүн  ичинде алынат.

1-класс жана 11-класска кабыл алуу боюнча буйрук ушул жылдын 10-сентябрына чейин чыгарылат.

Окуучу мектепке киргени тууралуу буйрук чыккандан кийин алфавиттик китепчеге жазылыш керек.

Ар бир окуучуга өздүк дело түзүлөт. Өздүк делого окуучунун алфавиттик китептеги жазылышына ылайык номер берилет.

Окуучуну кетирүүдө алфавиттик китепчеге каякка кеткендиги жана себеби жазылат (мектеп ичиндеги  буйрук)

Өздүк дело мектепте сакталат. Эгер башка мектепке кетсе ата-энелердин жазып берген арызынын негизинде жана окуп жаткан мектебинен справка алып келсе өздүк дело берилет.

Мектепке мектеп жашындагы билим алуу укугуна ээ болгон бардык жарандарды кабыл алат. Балдарды негизсиз себептер менен кабыл албоого жана конкурстук талап менен алууга уруксат берилбейт.