Мамлекеттик тил күнү.
Мамлекеттик тил күнүнө карата “Тил жана Айтматов” деген темада үч айлыктын негизинде иш чаранын планы түзүлдү.Дубал газеталар 11-В, 10-В, 9-Д, 8- А, 6-А, 9-Б, 6-Г, 8-б, 5-Д класстар чыгарды. Эң жакшы деген газеталардын саны аз. Төмөнкү класстар 1- орун 10-В, 2-орун 9-Б, 3-орун 9-Д класстар орунга ээ болушту. Көркөм окууда 5-А класстын окуучулары эне тил жөнүндө көптөгөн ырларды жогорку деңгээлде айтып беришти.1-4 класстардын арасында да ыр жаттоо уланууда.Окуучуларды кыргыз элинин улуттук каада-салтын, үрп адатын унутпай сактап жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү иретинде окуучуларды каада-салтты сахналаштырууга даярдап, окуучуларга көрсөтүшү. Кыргыз тили мугалимдери Көккөзова Г.Р. “Куда түшүү”, Бердалиева Н.Б , Таалайбек кызы Наргиза” Кыз узатуу”, Абылгазиева Ж.Д “Баланы бешикке салуу”, Турганбекова А.Т “Тушоо кесүү” каада-салтын көргөздү.
10-В класстын окуучулары И.Раззаков атындагы китепканада Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата уюшулган кечеге активдүү катышты. Суроолорго жооп беришип, китептер менен сыйланышты. Эсенбек уулу Кенч, Качкынбаева Дилбара, Кыдырова Асел, Ачилов Зарылбек, Бейшебаев Айбек ж.б Ч.Айтматовдун чыгармаларын жакшы билерин далилдешти.
Комментарии