Китеп — билим чырагы!
23-апрель — бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан.
Ошондуктан, бул күндүн символикалык мааниси бар болгондуктан, ЮНЕСКО китеп менен автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан.
Ал эми кыргыз өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган.
Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган. Биздин да мектеп китеп күнүн белгиледик. Мектеп китепкана жетекчиси Бурул Андашовна башталгыч класстардын окуучулары менен иш чара өтуштү.
Комментарии